Бишкек шаарынын мэриясынын 

2021-жылдын «15» 06

№107 токтомуна 1-тиркеме

«Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги»  муниципалдык ишканасынын

УСТАВЫ

 Жалпы жоболор

 1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын (мындан ары — Ишкана) иш-аракеттерин  регламенттейт.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Ишкананын Уюмдаштыруучусу болуп саналат. Ушул Устав Ишкананын уюмдаштыруучу документи болуп саналат.

 3. Ишкананын толук аталышы:

— мамлекеттик тилде: «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасы»;

— расмий тилде: «Муниципальное предприятие «Бишкекское агентство ритуальных услуг».

Ишкананын кыскартылган аталышы:

— «БАККА» МИ»;

— «МП «БАРУ».

4. Ишкананын юридикалык дареги: 720042, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 344а.

5. Ишкана өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, ишкананын уюштуруу-укуктук формасында аракеттенген юридикалык жак (коммерциялык уюм) болуп саналат.

7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.

2. Ишкананын милдеттери жана иш-милдеттери

8. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:

— Бишкек шаарынын көрүстөн чарбасына жетекчилик кылуу, шаардык көрүстөндөрдү утурумдук күтүү жана оңдоо;

— аза кызматтарын көрсөтүү, таанылбаган талап кылынбаган  денелерди, өлүктөрдүн сөөктөрүн жана биологиялык калдыктарды көмүү.

9. Ишкана жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:

— сөөк коюу жана көмүү, аза багытындагы буюмдарды чыгаруу жана сатуу жаатында шаардык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— жетектөөнүн жаңы усулдарын, алдыңкы технологияларды киргизүү, чарбалык механизмди өркүндөтүү, аза объекттерин күтүү, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү;

— өзүндө болгон кубаттуулугунун негизинде өнүктүрүүнүн жылдык жана келечек пландарын түзүү;

— юридикалык жана жеке жактарга сөөк коюуну жана сөөк көмүүнү уюштурууда  кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү;

— улуттук каада-салттарды жана диний ырым-жырымдарды эске алуу менен маркумду узатуу аземин уюштуруу;

— сөөк көмүүнүн жерин жана түрүн аныктоо;

— каада-салт предметтерин тандоо;

— жабдуу, маркетингдик, коммерциялык жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка түрдөгү иш-аракеттерди ишке ашыруу;

— Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн келишимдерди түзүү;

— кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, социалдык маселелерди чечүү, эмгек шарттарын жакшыртуу;

— өз базасын өнүктүрүү;

— авточарбасын күтүү, транспорттук кызматтарды көрсөтүү;

— жеке тапшырыктар боюнча эстеликтерди, склептерди даярдоо жана сатуу;

— белгиленген компетенциясынын алкагында башка милдеттерди аткаруу жана иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу.

10. Ишкана мыйзамга ылайык белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.

3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

11. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коюлган милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу:

— өз мүлкүнө чарба жүргүзүү укугунда ээ болууга, аларды өз иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга;

— өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга, сотто доогер жана жоопкер болууга, мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзүүгө;

— Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  бекитилген Ишкананын түзүмүнө жана штаттык ырааттамасына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек шарттарын, тартибин жана эмгек акынын өлчөмүн белгилөөгө;

— Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактардын уюмдаштыруучусу болууга;

— Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна Ишкананын иш-аракеттеринин маселелери боюнча  сунуштарды киргизүүгө, бул маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга;

 — өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте келишимдерди, контракттарды жана бүтүмдөрдү түзүүгө;

— Ишкананын милдеттерин жана иш-милдеттерин эске алуу менен финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин программасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө.

12. Ишкана убактылуу эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин, тартип келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн жеке адамдарды тартууга укуктуу.

13. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу тартиби, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.

14. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана мыйзамда белгиленген тартипте алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;

— Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;

— өзүнүн милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;

— тиешелүү органдарга отчётторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө.

15. Ишкана Бишкек шаарынын мэриясынын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт,  ал эми Бишкек шаарынын мэриясы Ишкананын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт.

16. Ишкана  Уюмдаштыруучу менен макулдашуусуз өзүнө таандык чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укуктуу эмес.

17. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына каршы келбесе, Уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.

4. Ишкананы башкаруу

18. Ишкананын иш-аракеттерин жалпы жетекчиликке алууну жана координациялоону Уюмдаштыруучу жүзөгө ашырат. Уюмдаштыруучу Ишкананын иш-аракеттерине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу. Ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы, түзүмү, штаттык саны жана ырааттамасы Уюмдаштыруучу тарабынан бекитилет.

19. Ишкананы башкарууну Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу
директор жүзөгө ашырат.

20. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарга, милдеттерге ээ, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишимдин негизинде аракеттенет.

21. Ишкананын директору:

— Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет жана Ишкананын алдында коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын иш-аракеттеринин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

— ишеним катсыз Ишкананын атынан чыгат, бардык мамлекеттик органдарда жана республиканын уюмдарында анын кызыкчылыгын көрсөтөт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол тамга коёт;

— өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;

— Ишкананын иш-аракеттерине жетекчилик кылат;

— башкы инженердин, башкы бухгалтердин, Ишкананын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;

— Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот;

— Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлык берүү жана тартиптик таасир чараларын кабыл алат;

— Ишкананын жалпы иш-аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— Ишкананын милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзөт.

22. Башкы инженер Бишкек  шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Башкы инженер:

— Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга катышат, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө, ага жүктөлгөн жоопкерчиликтин жеке участокторуна ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын ишмердигин жетектөөнү жүзөгө ашырат;

— директор жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар ж. б.) же директордун ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу жүзөгө ашырат.

Ишкананын директору жок болгон учурда Ишкананын финансылык документтерине кол тамга коюу укугу директордун тиешелүү буйругунун негизинде башкы инженерге өткөрүлүп берилет.

23. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максатка ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

5. Ишкананын мүлкү, финансысы жана кирешесин бөлүштүрүү

24. Ишкананын мүлкү ага ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бекитилип берилген.

25. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат  жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.

26. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна таандык болгон обочолонгон мүлккө ээ, өз милдеттенмелери боюнча ушул мүлк менен ага жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди ала алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.

27. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген чектерде жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдору, буйруктары менен ага бекитилип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө  укуктарын жүзөгө ашырат.

28. Ишкана мүлктү уставдык  максаттарга жана иштин предметине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.

29. Финансылык-чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешенин жана башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан түзүлгөн же сатып алынган

мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана чарба жүргүзүү укугунда ага бекитилип берилет.

30. Ишкана тарабынан чарбалык ишмердиктин натыйжасында алынган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча 50 пайыздан кем эмес Ишкананын таза пайдасы отчёттук мезгилден кийинки жылдын      1-апрелине чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджетке которулууга тийиш. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүү үчүн пайдаланылат.  

6. Ишкананын эсеби, отчёттуулугу жана контролу

31. Ишкана бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчёттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.

32. Ишкана өз иш-аракеттерин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.

33. Ишкана белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына финансы-чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду берет.

7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу

34. Ишкананы кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Уюмдаштыруучунун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

35. Ишкананы жоюу (иш-аракетин токтотуу) Уюмдаштыруучунун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген учурларда жана тартипте  соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

36. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин калган Ишкананын мүлкү, бул мүлккө буюмдук укугу бар анын Уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.           

37. Ишкана каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыккан учурдан тартып жоюлду деп эсептелет.

38. Ишкана кайра уюштурулган же жоюлган учурда иштен бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган өлчөмдөрдө компенсация төлөнөт.

39. Ишкананын иш-аракеттеринин процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.

                      «БАККА» МИнин директору                                          Дж.М. Усупбаев