Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:
- Арызды МЦР КР караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү аркылуу же Түндүк системасындагы ЦОН аркылуу берүү.
- Электрондук мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу онлайн тапшыруу.
Керектүү документтер:
- Саламаттыкты сактоо органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлүм жөнүндө маалым кат.
- Маркумдун инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, аскердик билет), эгерде бар болсо.
- Эгерде маалым кат жок болсо, өлүм фактылары же адамды каза деп жарыялоо тууралуу соттун күчүнө кирген чечими.
- Арыз ээсинин паспорту.
Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө каза болгондо, өлүм мамлекеттик каттоодон төмөнкү документтердин негизинде өтөт:
- Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген өлүм тууралуу маалым кат, мамлекеттик же расмий тилге которулуп, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостиль койулган.
- Маркумдун инсандыгын тастыктаган документ (эгерде бар болсо).
Документтерди Түндүк тиркемеси аркылуу санарип форматта тапшырууга болот.
Электрондук мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу өлүмдү каттоо үчүн арызды берүү:
- Электрондук мамлекеттик кызматтар порталына кирип, авторизациядан өтүү.
- Арыздын түрүн тандоо.
- Арыз берүүчүнүн кайрылуу учурундагы иш ордун, кызматын жана жашаган дарегин көрсөтүү.
- Маркумдун фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү.
- Каттоо жана өлүм тууралуу күбөлүктү алуу үчүн МРО (ЦОН) тандоо.
- Даяр өлүм тууралуу күбөлүктү жеткирүү дарегин көрсөтүү.
Мамлекеттик өлүм каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.
Күбөлүктү берүү акысы белгиленген тарифтерге ылайык алынат.
Мамлекеттик кызматты алуу үчүн укуктук негиздер:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси.
- Кыргыз Республикасынын Жарандык абалдын актылары тууралуу мыйзамы.
- Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча нускама.
Кошумча суроолор боюнча:
МЦР КР колл-борборуна 119 номерине (Кыргыз Республикасында бардык операторлордон чалуу акысыз) же Калкты каттоо департаментинин Telegram каналына кайрылыңыз.
Көп берилүүчү суроолор:
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү кайсы жерден алсам болот?
– Өлгөндүктү каттоо үчүн документтердин тизмеси менен жакынкы региондор аралык бөлүмдөрдө (КТБ)
Жарандын өлүмүн каттоо үчүн кандай документтер талап кылынат?
– Керектүү документтер:
- ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
- медициналык маалым кат жок болгон учурда өлүм фактысын аныктоо же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- арыз ээсинин паспорту.
Адамдын өлүмүн тастыктаган медициналык документтер жок болсо, өлүм күбөлүгүн алуу үчүн эмне кылуу керек?
- каза болгон адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документ (паспорт, аскердик билет);
- өлүм фактысын аныктоо же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Өлүм тууралуу күбөлүк кимге берилет?
Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү өлгөндүгү тууралуу актыны жазуунун негизинде арыз ээсине өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн берет. Өлгөн адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда аларга да өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кайталанып берилет. Өлгөндүгү тууралуу бардык берилген күбөлүктөр, анын ичинде кайталанып берилгендер жарактуу болуп саналат.
Чет өлкөлүк жарандардын өлүмүн мамлекеттик каттоо кандай жүргүзүлөт?
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн;
- мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- качкындын күбөлүгү;
- “Кайрылман” күбөлүгү
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде КР жаранынын өлүмүн каттоо кантип жүргүзүлөт?
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу легалдаштырылган, апостилирленген жана мамлекеттик же расмий тилге которулган документтер, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү катталгандыгын ырастоочу чет мамлекеттин документи келип түшкөн учурда, “ЖААЖ” АМСте жаранга “өлгөн” статусу ыйгарылат.
Башка учурларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан же чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу маалымкаттар, кабарлоолор формасындагы маалыматтар келип түшкөн учурда “ЖААЖ” АМСте жаран жөнүндө маалыматтарда “өлгөн”.” деген белги коюлат.”;
Эгерде өлгөн адамдын ИЖН жок болсо, анда өлүмдү кантип каттоого болот?
ИЖНи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ИЖНи жок жүргүзүлөт.
Эгер өлгөн күнү белгисиз болсо катто кандай жүргүзүлөт?
Мыйзамда белгиленген тартипте өлдү деп жарыяланган адамдардын өлүмүн каттоодо “Өлгөн датасы” графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата, “Өлгөн жери” графасына – “белгисиз” деп жазылат. Эгерде соттун чечими менен адамдын белгилүү бир убакта өлгөндүгүнүн фактысы белгиленсе, анда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн датасы болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде көрсөтүлгөн дата жазылат.
Эгерде маркумдун паспорту жок болсо, анда өлүмдү каттоо кандайча жүргүзүлөт?
Өлгөн адамдын паспортунун же аскердик билетинин (каттоо күбөлүгүнүн) жоктугу өлгөндүгү тууралуу актыны каттоодон баш тартууга себеп болуп саналбайт, мындай учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга белги коюлат.
Белгисиз адамдын өлүмүн каттоо кандай жүргүзүлөт?
Белгисиз, таанылбаган адамдардын өлгөндүгүн каттоо жөнүндө соттук-медициналык экспертиза органынын арызы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөн адам таанылган жана анын маалыматтары менен медициналык күбөлүк берилген учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн адам тууралуу тийиштүү маалыматтар киргизилгенден кийин берилет.
Эгерде бала өлүк төрөлгөн учурда каттоо жүргүзүлөбү?
Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
Өлүм жөнүндө арызды онлайн берүүгө болобу?
Ооба, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу мүмкүн.
Өлүмдүгүн каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тариздөө үчүн:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
- Билдирүү түрүн тандаңыз
- Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
- Каза болгон адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
- Каттоо жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк алуу үчүн МРОну (КТБ) тандоо
- Даяр болгон өлүм күбөлүгүн жеткирүү үчүн даректи көрсөтүңүз.
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.
Өлдү деп таанылгандан кийин жаранды тирүү деп жарыялаган учурда каттоо жүргүзүлөбү?
Жаранды өлдү же дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө тиешелүү соттук чечимдер сот тарабынан жокко чыгарылган учурда жарандын арызы боюнча өлүм акт жазуусун жокко чыгаруу жөнүндө соттук чечим да керек.