Бишкек шаарынын ритуалдык кызматтар агенттигинин балансында 7 көрүстөн бар.

Бардык көрүстөндөрдүн жалпы аянты 464 гектарды түзөт. Учурда иштеп жаткан көрүстөндөр: Гроздь айылындагы жана Ала-Арча көрүстөнү. Жабылган көрүстөндөр: Түштүк-Батыш, Братское жана Дунган. Жарым-жабык көрүстөн: Түндүк.


Ала-Арча көрүстөнү

Ала-Арча көрүстөнү – белгилүү инсандарды жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон, Өлкө алдындагы өзгөчө эмгектери үчүн өкмөт жана Бишкек мэриясы тарабынан уруксат менен коюлган көрүнүктүү илим жана маданият ишмерлерин коюу үчүн иштеп жаткан муниципалдык мемориалдык көрүстөн. 1948-жылы ачылган. Бишкек шаарынын борборундагы 31 га аянтты ээлейт. Жалпы 26,7 миң киши жерге берилген.


Түштүк-Батыш көрүстөнү

Түштүк-Батыш көрүстөнү 1973-жылы ачылып, 2021-жылы жабылган. Көп улуттуу жана ар кандай диний ишенимдеги маркумдарды коюу үчүн жай болгон. Жалпы аянты 330 га түзөт. Бардыгы болуп 1,5 миллионго жакын маркумду коюу иштери жүргүзүлгөн. Бишкек мэриясынын 2020-жылдын 8-декабрындагы №182-р буйругунун негизинде жабык көрүстөн деп эсептелет.


Түндүк көрүстөнү

Түндүк көрүстөнү – 1951-жылы ачылып, 1973-жылдан тартып жарым-жабык режимде иштеп келет. Бишкек шаарынын түндүгүндө 86 га аянтты ээлейт. Жалпы 65,5 миңден ашык жерге коюулар жүргүзүлгөн. Бекитилген процедуралар боюнча туугандык мүрзөлөргө гана жерге коюу жана кошумча коюуларга уруксат берилет.


Братское көрүстөнү

Братское көрүстөнү – 1935-жылы ачылып, 1956-жылы жабылган. Бишкек шаарындагы «Кызыл Аскер» конушунда жайгашкан, жалпы аянты 13 га. Негизинен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ардагерлерин жерге коюу үчүн колдонулган, жалпысынан 7,1 миң коюу жүргүзүлгөн.


Дунган көрүстөнү

Дунган көрүстөнү – 1920-жылы ачылып, 1948-жылы жабылган. 4,2 га аянтты ээлейт. Жалпы 2730 маркум коюлган. Негизинен дунган улутундагы, мусулман ишениминдеги адамдар коюлган.


Гроздь айылындагы көрүстөн

Гроздь айылындагы көрүстөн – жаңы көрүстөн, 2017-жылы ачылган. Гроздь айылында жайгашкан. Бул объект Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн толукталышы менен байланыштуу ачылган. Жаңы мүрзө ар кандай диний топторго бөлүнгөн жана жалпы аянты 44 га түзөт. Көрүстөндүн түндүк тарабына тосмолор жана дарбаза орнотулуп, 18 метрлик автожол оңдолгон. Зыяратчылар үчүн автоунаа токтотуучу жай уюштурулган. Суу сактагычтар жана тышкы жарык берүү, электр камсыздоо, ошондой эле 580 метр узундуктагы суу өткөрүүчү арык курулган. Ички жолдор да зыяратчылар үчүн ыңгайлаштырылган.


Муромская көчөсүндөгү көрүстөн

Муромская көчөсүндөгү шаардык көрүстөн жабык, жалпы аянты 0,74 га, 4-шардык оорукананын аймагында жайгашкан.