ЦОН (Калкты тейлөө борборлору)
КТБлар – бул жарандарга кызмат көрсөтүү борборлору, ар бир аймакта жайгашкан. Кыргызстанда бардыгы болуп 35 ЦОН жана 52 региондор аралык бөлүм бар. Бул борборлордо документтерди кабыл алуу жана берүү иштери жүргүзүлөт.
КТБынн негизги кызматтары:
- ЖААЖ линиясы боюнча документтерди кабыл алуу: төрөлүүнү каттоо, нике түзүү, никени бузуу, атын/фамилиясын өзгөртүү, өлүмдү каттоо жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун күбөлүктөрүн/кайра күбөлүктөрдү берүү.
- Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду киргизүү үчүн документтерди кабыл алуу.
- Жарандык абалдын актылары боюнча маалымкаттарды, билдирүүлөрдү, көчүрмөлөрдү берүү.
- Нике жарамдуулугу тууралуу маалымкаттарды берүү.
- Багып алууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу.
- Аталыкты аныктоону каттоо үчүн документтерди кабыл алуу.
- Жарандык маселелери боюнча документтерди кабыл алуу.
- Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн уруксат кагаздарын каттоо боюнча документтерди кабыл алуу.
- Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жашаган жана убактылуу турган жерине каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана маалымкаттарды берүү.
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жарандарды убактылуу каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана талондорду берүү.
- ПИН берүү/өзгөртүү үчүн документтерди кабыл алуу жана алардын дайындалгандыгы/өзгөртүлгөндүгү тууралуу маалымкаттарды берүү.
- «Мекен-карт» документин тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу.
- ОЭП (булуттагы электрондук кол тамга) берүү.
VIP-кызматтар
Ири ЦОНдордо жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн документтерди тез арада тариздөө үчүн VIP-кызмат көрсөтүлөт. Бир кызмат (паспорт) үчүн баасы 888 сомду түзөт (банктын комиссиясын кошпогондо). Эгерде эки паспорт (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) таризделсе, 1 031 сом (банктын комиссиясын кошпогондо) төлөнөт.
Бишкектеги ЦОНдордун даректери жана иштөө убакыттары:
- ЦОН-1: Бишкек, Н. Жетикашкаева көч., 29. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 08:00–20:00, түштөнүү жок.
- ЦОН-2: Бишкек, Ч. Валиханов көч., 2. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 08:00–20:00, түштөнүү жок.
- ЦОН-3: Бишкек, Жаш Гвардия көч., 4. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 08:00–20:00, түштөнүү жок.
- ЦОН-3/2: Бишкек, Д. Садырбаев көч., 107. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 08:00–20:00, түштөнүү жок.
- ЦОН-4: Бишкек, Жибек Жолу проспекти, 381. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 08:00–20:00, түштөнүү жок.
- Мини-ЦОН: Азия Молл, Ч. Айтматов проспекти, 3. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 10:00–19:00, түштөнүү 14:00–15:00.
- Мини-ЦОН: Глобус дүкөнү, Шабдан Баатыр проспекти, 41б. Иш убактысы: дүйшөмбү–жума, саат 10:00–19:00, түштөнүү 14:00–15:00.