Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн

Керектүү документтер:

  • ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
  • медициналык маалым кат жок болгон учурда өлүм фактысын аныктоо же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  • арыз ээсинин паспорту.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

Өлүмдүгүн каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу  тариздөө үчүн:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
  • Билдирүү түрүн тандаңыз
  • Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
  • Каза болгон адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
  • Каттоо жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк алуу үчүн МРОну (КТБ) тандоо
  • Даяр болгон өлүм күбөлүгүн жеткирүү үчүн даректи көрсөтүңүз.

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Төлөм  бекитилген Прейскурантка ылайык  өлгөндүгүн каттоо күбөлүгү үчүн гана жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Өлгөндүгү каттоо жөнүндө кошумча суроолор боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор:

Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү кайсы жерден алсам болот?

Жарандын өлүмүн каттоо үчүн кандай документтер талап кылынат?

Адамдын өлүмүн тастыктаган медициналык документтер жок болсо, өлүм күбөлүгүн алуу үчүн эмне кылуу керек?

Өлүм тууралуу күбөлүк кимге берилет?

Чет өлкөлүк жарандардын өлүмүн мамлекеттик каттоо кандай жүргүзүлөт?

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде КР жаранынын өлүмүн каттоо кантип жүргүзүлөт?

Эгерде өлгөн адамдын ИЖН жок болсо, анда өлүмдү кантип каттоого болот?

Эгер өлгөн күнү белгисиз болсо катто кандай жүргүзүлөт?

Эгерде маркумдун паспорту жок болсо, анда өлүмдү каттоо кандайча жүргүзүлөт?

Белгисиз адамдын өлүмүн каттоо кандай жүргүзүлөт?

Эгерде бала өлүк төрөлгөн учурда каттоо жүргүзүлөбү?

Өлүм жөнүндө арызды онлайн берүүгө болобу?

Өлдү деп таанылгандан кийин жаранды тирүү деп жарыялаган учурда каттоо жүргүзүлөбү?

Мураска кирүү үчүн жакын тууганы каза болгон жарандын каттоосу (ДМБ) тууралуу маалымкат ала алабы?